Бишкектеги 14 мектептин окуучулары убактылуу онлайн билим алышат

Бишкектеги 14 мектептин окуучулары убактылуу онлайн билим алышат.

Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Элмира Иманалиеванын айтымында,

кеп, шайлоо тилкелери жайгашкан билим берүү мекемелери тууралуу болуп жатат.

Балдарды аралыктан окууга өткөрүү чечими башка адамдар менен байланышты азайтуу максатында.

Шайлоодон кийин, 12 жана 13-апрелде мектептерде санитардык тазалоо иштери жүрөт.

Андан кийин окуучулар парталарга кайтып келет.