Коронавирустун мүмкүн болгон үчүнчү толкунуна даярдыктар жүрүүдө.
Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Артурбек Жуманазаров билдирди.
Анын айтымында, ооруканаларда дары-дармектин бир айлык керектелиши 95 миллион сомго эсептелген.
Учурда 227 миллион сомго препараттар даярдалып, камсыздалды. Бул 2 айга жетиштүү. Төрага белгилегендей,
мамлекеттик материалдык резервдер фондунан дагы 57 клиникага дары-дармектер таратылды.