Жалал-Абад шаарында «Коопсуз шаар» долбоору быйыл сентябрдан тартып ишке кирет

Жалал-Абад шаарында «Коопсуз шаар» долбоору быйыл сентябрдан тартып ишке кирет. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда талапка жооп бербеген камера орнотула турган көчө кесилиштеринде иштер жүрүүдө. Ошондой эле жол белгилери орнотулуп, сызыктар тартылат Эки айдын ичинде көчөлөрдө 180 камера пайда болот. Жабдуулардын 50гө… Кененирээк…

Кыргызстанда кичи ишканаларды эске албаганда орточо айлык 17 миң 900 сомду түздү

Кыргызстанда кичи ишканаларды эске албаганда орточо айлык 17 миң 900 сомду түздү. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинин материалында айтылат. Барынан жогорку маяна каржылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматкерлеринде – дээрлик 36 миң сом, маалымат жана байланыш адистери – 34,5 миң сомго жакын табышат. Тоо-кен казуу ишканаларынын… Кененирээк…

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун жаңы орун басары дайындалды

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары дайындалды Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жаңы кызматка Союзбек Надырбеков бекитилди. Ал 1990-жылдын 16-сентябрында Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында туулган.

Сингапур пандемия менен мыкты күрөшкөн өлкөлөр арасындагы рейтингде алдыңкы сапка чыкты

Сингапур пандемия менен мыкты күрөшкөн өлкөлөр арасындагы рейтингде алдыңкы сапка чыкты. Bloomberg агенттиги түзгөн рейтингге 53 өлкө кирди. Тизмеде Кыргызстан жок. 2-орунда Жаңы Зеландия, 3 Австралия, 4 Израиль. Басылмадан белгилешкендей, аталган өлкөлөр чек аралар жабык болгондуктан, эл аралык саякаттоону эске албаганда жашоо шартын пандемияга чейинки… Кененирээк…

Улуттук банк эсептик ченди дагы бир пайызга жогорулатты

Улуттук банк эсептик ченди дагы бир пайызга жогорулатты. Өлкөнүн башкы мекемесинин сайтында айтылгандай, тышкы чөйрөнү жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик ченди 6,5 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Кандайдыр бир тобокелик жаралса Улуттук банк кошумча түзөтүүлөрдү киргизүүдөн баш тартпайт. Белгилеп… Кененирээк…

Тышкы иштер министрлигинде жарандык уюмдардын лидерлери жана активисттеринин жолугушуусу өттү

Үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Министр Р.Казакбаевдин Тажикстан Республикасынын укук коргоо органдарынын өтүнүчү боюнча Россия Федерациясынын аймагында кармалган Кыргыз Республикасынын жараны Э.Мажитовдун укугун коргоого чакырган жарандык уюмдардын лидер жана активисттери менен жолугушуусу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө конструктивдүүпикир алмашуу болуп, Министр Р.Казакбаев чет өлкөлөрдөгү… Кененирээк…

Бала асырап алуу жөнөкөйлөштүрүлүп, атайын борбордо алардын саны азайды

Бала асырап алуу жөнөкөйлөштүрүлүп, атайын борбордо алардын саны азайды. Бул тууралуу Бишкектеги Балдарды реабилитациялоонун адистештирилген борборунун директору Чолпон Арыкбаева билдирди. Буга чейин аталган борбордо 100гө жакын бала болсо, учурда 24ү тарбияланууда. Андан тышкары, өлкө аймактарынан келген ден соолугунда өзгөчөлүктөрү бар жүзгө жакын бала атайын курстан… Кененирээк…

Кыргызстанда район акимдеринин ротациясы башталат

Кыргызстанда район акимдеринин ротациясы башталат. Район башчыларынын аттестациясы аяктады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, түндүк облустарындагы акимдер түштүккө, түштүктөгү акимдер түндүккө которулат. Учурда акимдер боюнча кадрдык резервде дээрлик 400 адам бар, бош орундарга резервдегилер коюлат. Эске салсак, буга чейин аттестациядан 25-30 пайыз… Кененирээк…

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендиксогуштун ардагерлери бир жылда дээрлик жарымына азайды

Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлери соңку бир жылда дээрлик жарымына азайды. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы 27-апрелде “Азаттык” радиосуна билдиргендей, быйыл 1-апрелде өлкөдө бул согуштун 146 ардагери бар экени белгилүү болгон. Былтыр ушул маалда алардын саны 241 болчу. 146 ардагердин 33ү… Кененирээк…

Бразилия Россия өндүргөн «Sputnik V» вакцинасын каттоодон баш тартты

Бразилиянын Дары-дармекти жөнгө салчу мекемеси Россия өндүргөн «Sputnik V» вакцинасын каттоодон баш тартты. «Anvisa» деген аталыш менен белгилүү регулятор 26-апрелде вакцинаны текшерүүдөн соң коопсуздугуна, сапатына жана эффективдүүлүгүнө байланыштуу тобокелчиликтер бар экенин билдирди. Аталган органдын биопрепарат жана дары-дармек боюнча менежери Густаво Мендес “олуттуу кемчилик бар” деп… Кененирээк…