Бишкектеги тарых музейин Эгемендүүлүк күнүнө карата ачуу пландалып жатат

Бишкектеги тарых музейин Эгемендүүлүк күнүнө карата ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу “Кабарга” маданият министри Кайрат Иманалиев билдирди. Анын айтымында, учурда маданий мекемени ачууга даярдык көрүлүп жатат. Эске салсак, тарых музейи 2016-жылы оңдоо иштери үчүн жабылган. Андан бери объектинин ачылышы бир нече ирет жылдырылды. Оңдоо иштери… Кененирээк…

Ысык-Көлдө эс алуучуларды 155 пансионат жана 400дөн ашык мейманкана кабыл алууга даяр

Ысык-Көлдө эс алуучуларды 155 пансионат жана 400дөн ашык мейманкана кабыл алууга даяр. Бул тууралуу novosti.kgге өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Андан белгилешкендей, жайкы туристтик сезон старт алды. Бардык эс алуу зоналары санитардык нормаларды сактоо менен иштеп жатат.

Казакстан Кыргызстанга кезектеги ирет гуманитардык жардам берди

Казакстан Кыргызстанга кезектеги ирет гуманитардык жардам берди. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Ош шаарындагы консулу Зарина Шахманова билдирди. Анын айтымында, 5 миң тонна ун жана 1 миң тонна үрөн темир жол аркылуу жеткирилди. Гуманитардык жүк Жалал-Абад жана Ош облустарына бөлүштүрүлдү. Эске салсак, Казакстан өткөн аптада дагы… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 23-майда саат 20:30да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна таянып ӨКМ билдирди. Жер титирөө Сузак районунун, Кызыл-Үңкүр айылында 3,5 балл, Каду, Орток айылдарында 3 балл жана Базар-Коргон районунун Жазы-Кечүү айылында 4 балл, Көсө-Терек айылында 3,5… Кененирээк…

Садыр Жапаров иш сапары менен Сочиге жөнөп кетти

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, иш сапары менен Россиянын Сочи шаарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, иш сапардын алкагында Жапаров Россиянын башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн келечегин… Кененирээк…

Дүйнөдө коронавируска каршы вакцина өндүрүүчүлөр миллиардер аталышты

Moderna менен BioNTech компанияларынын жетекчилери, коронавируска каршы вакцина чыгарган дагы жети киши менен бирге миллиардер болушту. Бул тууралуу Oxfam уюму билдирди. Уюмдун эсебине ылайык, Moderna компаниясынын башкы директору Стефан Банселдин байлыгы 4,3 миллиард, BioNTech компаниясынын башкы директору Угур Шахиндин байлыгы 4 миллиард долларга жеткен. Жаңы… Кененирээк…

Кытайдын Ганьсу провинциясындагы ультрамарафон учурунда 21 катышуучу каза тапты

Кытайдын Ганьсу провинциясындагы ультрамарафон учурунда 21 катышуучу каза тапты. Бул аба ырайы кескин бузулуп, катышуучулар 20-30 чакырым жүргөндөн кийин катуу шамал болуп, мөндүр жаагандыктан, жүгүрүп бараткандар суукка урунуп калганына байланыштуу. Айрымдары манжаларын, тилин сезбей калганын билдиришкен. Негизинен шарт боюнча спортчулар 100 чакырым аралыкты чуркап өтүшү… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында сел жүрдү

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ түндө нөшөрлөп жааган жамгырдын улам суу ташкындап, Токтогул көчөсүнүн 5 тилкесине кум-шагыл түшүп, жолду жаап калган. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн техникалар тартылып, жол кыймылга толук ачылды. Ошондой эле 17 үйдүн короосуна суу толуп… Кененирээк…

Ош — Ноокат — Исфана жолунун курулушу быйыл күздө башталат

Ош — Ноокат — Исфана жолунун курулушу быйыл күздө башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди. Анын айтымында, иштерди япониялык компания жүргүзөт. Жумуштар өз убагында башталып, сапаттуу аткарылат, — деп убадалады Марипов. Кошумчаласак, учурда эл аралык маанидеги Ош — Ноокат — Исфана жолунун… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар арзандоосун улантууда

Кыргызстанда доллар арзандоосун улантууда. Бүгүнкү күндө ордо калаадагы акча алмаштыруу жайлары жана коммерциялык банктар америкалык валютаны 83 сом 10 тыйындан сатып алып, кайра 83 сом 50 тыйындан сатышууда. Муну менен өткөн жумага салыштырмалуу доллар дагы 40 тыйынга арзандады. Эксперттер түшүндүрүшкөндөй, арзандоо долларга болгон суроо-талаптын төмөндөгөнүнө… Кененирээк…