Арал – Миң-Куш унаа жолунда сел жүрдү

Арал – Миң-Куш унаа жолунда сел жүрдү. Андан улам тилке кыймылга жабылды. Унаа жана жолдор минисрлигинен билдиришкендей, түндө жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында селдин кесепети жоюлуп жол бир тараптуу ачылды. Тазалоо жумуштары бүгүн да уланууда.

Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоого катышуу үчүн 13 партия катталды

Бишкек шаардык кеңешке депутаттарды кайрадан шайлоого катышуу үчүн 13 партия катталды. 7-июнга карата маалыматты Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынан беришти. Белгилеп кетсек, партиялардан документтерди кабыл алуунун мөөнөтү 13-июнь, ушул жекшембиде аяктайт. 21-июнда агитация башталып, ал 10-июлга чейин созулат. Кайра шайлоо 11-июлда өтөт.

Баткен облусунда 6 шаардын мэрлери дайындалды

Кечээ, 7-июнда Баткен облусунда Кадамжай районунун Кадамжай, Айдаркен, Лейлек районунун Исфана, Баткен, Кызыл-Кыя жана Сүлүктү шаарларынын мэрлерин шайлоо өттү, деп билдирет Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Кадамжай шаарынын мэри болуп Бегалиев Бакытбек Турдалиевич шайланды, ага Кадамжай шаардык кеңешинин 21 депутатынын 11и… Кененирээк…

Кытайда эми жаш балдар дагы вакцина алат

Кытайда эми жаш балдар дагы вакцина алат. Мындан ары CoronaVac препараты менен 3 жаштагы баладан тартып 17ге чейинки өспүрүмдөр эмделет.  Препарат клиникалык сыноодон өттү. Жыйынтыгында вакцина балдардын организминде коронавируска каршы иммунитетти пайда кылды. Анын терс таасири жеңил өтөт. Белгилеп кетсек, учурда дүйнө боюнча вакцинаны 18… Кененирээк…

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктан бир адам каза таап, 7 киши жабыркады

Бүгүн, 8-июнда саат 02:30да Бишкек-Ош унаа жолунун 152-чакырымында “Тойота Прадо” менен “Митсубиси Галант” үлгүлөрүндөгү жеңил унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен “Митсубиси Галант” унаасынан болжол менен 40-45 жаштагы А.К. аттуу эркек киши каза болуп, 4 адам (2 эркек, 2 аял),… Кененирээк…

Бишкекте болгон катуу шамал Айни көчөсүндөгү 5 кабаттуу үйдүн чатырын учурду

Бишкекте болгон катуу шамал Айни көчөсүндөгү 5 кабаттуу үйдүн чатырын учурду. Мэриянын маалыматына ылайык, жараксыз абалдагы чатырдын аянты 400 чарчы метрди түзөт. Анын учуп кетишине бекем кадалбаганы себеп болду. Жыйынтыгында 3 унаа жабыр тартты. Муниципалитеттен эскертишкендей, шамал болгон учурда унааларды жеңил конструкциялардын, бак-дарактардын алдына токтотпоо… Кененирээк…

Чүй облустук драма театрына акын Азамат Болгонбаев директор болуп дайындалды

Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрына белгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаев директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев кол койгон. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Эмгек сиңирген артисти Азамат Болгонбаев буга чейин «Айтыш»… Кененирээк…

Бишкектин Көк-Жар кичирайонунда дагы бир эс алуу аймагы пайда болот

Бишкектин Көк-Жар кичирайонунда дагы бир эс алуу аймагы пайда болот. Октябрь райондук администрациядан билдиришкендей, жаңы скверге ирригациялык лотоктор, отургучтар, урналар, түнкү жарык орнотулат жана тротуар калыбына келтирилет. Курулуш иштерди жайдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Долбоорду ишке ашырууга каражатты эл аралык фонд бөлүп берет.

Кыргызстандан Россиянын Калуга шаарына аба каттам ачылат

Кыргызстандан Россиянын Калуга шаарына аба каттам ачылат. Бул тууралуу россиялык аба майдандын басма сөз кызщматынан билдиришти. Бүгүнтөн тартып, Бишкек жана Ош шаарларынан ар шейшембиде аба жолдору уюштурулат. Мындай жайкы иш тартиби 26-октябрга чейин сакталат.

Жалал-Абад шаарында санитардык талаптар күчөтүлөт

Жалал-Абад шаарында санитардык талаптар күчөтүлөт. Учурда шаарда коронавирустун тарашы күчөп, эпидемиологиялык абал оорлошуп жатат. Андан улам шаардык ыкчам штабдын отуруму өтүп, алдын алуу иш-чараларын күчөтүү боюнча чечим кабыл алынды, — дешти мэриядан.  Ага ылайык, түзүлгөн жумушчу топ менчигинин түрүнө карабай соода түйүн, ресторан, тойкана, коомдук… Кененирээк…