Бишкектин Көк-Жар кичи районунда жаңы сквер пайда болот

Бишкектин Көк-Жар кичи районунда жаңы сквер пайда болот. Октябрь районунун акимиатынан билдиришкендей,  эс алуу аймагында ирригациялык тармак, отургучтар, таштанды челектери, көчө жарыгы орнотулат.

 

Курулушка каражатты мэрия бөлүп берсе, көрктөндүрүү иштери менен бейөкмөт фонддордун бири алектенет. Иштер августка чейин жыйынтыкталат.