Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайдын күнүндө кар жаады

Ош облусунун Чоң-Алай районунда жайдын күнүндө кар жаады. Бүгүн эртең менен кардын калыңдыгы 4 сантиметрге жетти. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул аймакта жайында кар жааган кадыресе көрүнүш эмес. Андыктан, таңкалгандар көп.   Анткени, бийик тоолуу аймактарга каар жаашы мүмкүн, бирок өрөөндөргө адатта июнда кар жаабайт.

Кыргызстанда азык-түлүк кымбаттоосун улантууда

Кыргызстанда азык-түлүк кымбаттоосун улантууда. Эми кезек кадимки сабизде. Бишкекте соңку 3 күндө сабиздин баасы кескин көтөрүлдү.   Бүгүнкү күнгө карата аталган азыктын бир килограммы 104 сомдон сатылууда. Улуттук банк буга чейин өлкөдө баалар кескин кымбаттай турганын эскерткен болчу.   Мындай көрүнүш бүткүл дүйнөдө катталып жатат.… Кененирээк…

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы бүгүн Япония курамасы менен  ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы бүгүн Япония курамасы менен  ойнойт. Беттеш япониялык Суйта шаарында Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтөт.   Оюн Бишкек убактысы боюнча 16.25те старт алат. Эске салсак, буга чейин биздин футболчулар Мьянма курамасын 8:1 эсебинде талкаласа, Монголияга 0:1 эсебинде утулуп калган.   Биздин… Кененирээк…

Новосибирсктеги жарылууда кыргызстандыктар жабыркады

Новосибирск шаарындагы автогаз куюучу жайда болгон жарылууда үч кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Жарылуу кечээ, 14-июнда, жергиликтүү убакыт менен саат 18:00дөр чамасында Октябрь районундагы Гусинобродское шоссе көчөсүндө болгон. Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктан 30дан ашуун киши жабыркаган.   ТИМден билдиргендей, окуя болгон… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 367 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 367 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 188, Ошто 62, Чүйдө 62, Таласта 2, Нарында 5, Ысык-Көлдө 25, Жалал-Абадда 20, Баткенде 3 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 103 миң 257 адам коронавирусту жеңди.

Европа чемпионатынын алкагында Испания жана Швеция курамаларынын жолугушуусунда жеңүүчү аныкталган жок

Европа чемпионатынын алкагында Испания жана Швеция курамаларынын жолугушуусунда жеңүүчү аныкталган жок. Севильяда өткөн беттеш 0:0 эсебинде жыйынтыкталды.   Бул турнир алкагында бир дагы топ киргизилбеген алгачкы оюн болуп калды. Дүйшөмбүнүн башка беттештеринде Польша Словакияга 1:2 эсебинде утулса, Чехия Шотландияны 2:0 көрсөткүчү менен жеңип алды.

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар биометрикалык жалпы жарандык паспортту элчиликтен ала алат

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар биометрикалык жалпы жарандык паспортту элчиликтен ала алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, 14-июндан тарта жаңы үлгүдөгү документтер Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жеткиликтүү.   Ушул эле эреже биометрикалык ички паспортторго дагы тиешелүү.   Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматы… Кененирээк…

Бишкекте карантиндик эрежелерди сактоо боюнча рейддер күчөтүлдү

Бишкекте карантиндик эрежелерди сактоо боюнча рейддер күчөтүлдү. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.   Анын айтымында, ордо калаада коронавирус боюнча абал дале курч, андыктан, эл көп чогулган жерлерде, тагыраагы дүкөндөрдө, соода борборлорунда, кафе-ресторандарда жана базарларда текшерүүлөр болот.   Жабык имараттарда сөзсүз түрдө беткап тагынып, коопсуз… Кененирээк…

Жалал-Абадда күндүзгү стационарлар ачылууда

Жалал-Абадда күндүзгү стационарлар ачылууда. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, чечимди облустук штаб кабыл алды.   Оору жуктургандардын саны өскөндүктөн, Ноокен жана Аксы аймактык ооруканаларында жугуштуу илдеттер бөлүмдөрү дагы ачылды. Калк арасында санитардык талаптарды сактоо, эл көп чогулган жерлерге баруудан баш тартуу… Кененирээк…

“Сосновкадагы” мүчүлүштүктөн улам аткаминерлер эскертүү алды

Чүйдөгү ”Сосновка” пунктунда тараза көзөмөл талаптагыдай болбогондугуна байланыштуу транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министринин орун басары Алмаз Турганбаевге эскертүү берилди.   Министрлер кабинетинин төрөгасы Улукбек Мариповдун чечими менен Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директору Шухрат Айтиев да эскертүү алды. Ал эми анын… Кененирээк…