Жакынкы күндөрү жол кырсыктарынын алдын алуу максатында рейд иш-чара өткөрүлөт

Милициянын кайгуул кызматы жакынкы күндөрү жол кырсыктарынын алдын алуу максатында рейдтик иш-чара өткөрөөрүн эскертет.

Жыл башынан бери Бишкек шаарынын аймагында 1071 жол кырсыгы катталып, 1370 жаран ар кайсы жаракаттарды алышкан. Бул көрсөткүч өткөн жылдын 5 айына салыштырмалуу жол транспорт кырсыгы 298ге көп катталып, ал эми жаракат алгандардын саны 343кө көп катталгандыгы байкалган. Мындай жол кырсыктарынын келип чыгуусу айдоочулардын айдоо маданиятынын жоктугу, жол эрежелеринин толук сактталбаганы сепеб болууда.
Ошондуктан Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы жакынкы күндөрү жол кырсыктарын алдын алуу, ага жол бербөө, коомдук тартипти сактоо жана айдоочулардын айдоо маданиятына көзөмөл жүргүзүү, ошол эле учурда мас абалында авто унаа башкарган айдоочуларга чара көрүү максатында Бишкек шаарынын борбордук жана жол кырсыгы көп катталган көчөлөрдө авто унааларды токтотуп текшерүү менен атайын рейдтик иш-чара өткөрөөрүн алдын ала маалымдайт.
Андыктан Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга жол эрежени так сактап, айдоочунун жана авто унаанын керектүү документтери болуусун эскертет.