Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери өз убагында аткарылбагандыктан Кыргызстан 800 гектар жеринен айрылды

Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери өз убагында аткарылбагандыктан Кыргызстан

800 гектар жеринен айрылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын аныктап турган Чүй дарыясынын

жээгинде дамбалардын жоктугунан, дарыянын жээгин суу жеп, анын нугу жыл санап

Кыргызстандын аймагына кирип жатат. Эске салсак, Кыргыз-казак чек арасынын бир бөлүгү

Чүй суусун бойлоп өтөт. Эки тараптын чек ара тилкесинин жалпы узундугу 1 миң 257 чакырымды түзөт.