Бишкекте жолду тиешелүү тилкесинен өтпөгөн жарандарга айып салынат.
Ордо калаа милициясынан эскертишкендей, унаа жолдон туура эмес кесип
өткөндөр 1 миң сомдук айып төлөөгө милдеттендирилет. Ошондой эле
коомдук унаадан бир гана аялдамадан түшүп, кирүү керек. Мындай
айыптар жөө жүргөндөргө, вело жүрүүчүлөргө жана мал айдагандарга тиешелүү.