Бишкектин айрым аймагында 12 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймагында 12 күнгө газ өчүрүлөт. «Газпром Кыргызстан» ишканасынан түшүндүрүшкөндөй, 28-июндан 9-июлга чейин Садырбаев, Лев Толстой, Миңжылкыев, Тыналиев, Ала-Арча дарыясы, Масалиев көчөлөрү жана Жал-23, «Ротор» от казаны менен чектешкен аймактарда көгүлтүр от берилбейт. Убактылуу чектөөлөр мындан 45 жыл мурда орнотулган жер алдындагы түтүктөрдү алмаштыруу… Кененирээк…

Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча туруктуу аба каттам ачылды

Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча туруктуу аба каттам ачылды. Унаа жана жолдор мнистрлигинен билдиришкендей, аба жолдору жумасына эки ирет — шаршемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт. Жаңы эл аралык каттамдын ачылышы Кыргызстан үчүн транспорт, соода-экономикалык, инвестициялык жана туризм чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташтыктын кеңейишине шарт түзөт.

Лейлек районунун Максат айылындагы мектеп августта пайдаланууга берилет

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактан жабыркаган Лейлек районунун Максат айылындагы мектеп августта пайдаланууга берилет. Билим берүү мекемесинин администрациясынан билдиришкендей, бүгүнкү күндө объектинин чатыры толук алмаштырылды жана жылуулук системасы дагы капиталдык оңдоодон өттү. Ал эми тышкы жумуштар азырынча баштала элек. Курулуш иштеринин сметалык баасы 15 миллион сомду… Кененирээк…

3 шаарда кайра өтө турган шайлоону жылдыруу маселеси карала элек

3 шаарда кайра өтө турган шайлоону жылдыруу маселеси карала элек. Ага даярдык иштери бардык санитардык нормаларды сактоо менен өтүп жатат. Добуш берүүнү өткөрүү боюнча атайын алгоритм бар. Саясий партиялар андан кабардар. Үгүттөө иштери коопсуз жүрүп жатат, — деп билдирди Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат… Кененирээк…