Кыргызстанда 300 миңден ашык шайлоочунун маалыматы туура эмес болуп чыкты

Кыргызстанда 300 миңден ашык шайлоочунун маалыматы туура эмес болуп чыкты. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, алардын жашаган дареги башка жерде катталган, паспортунда башка көрсөтүлүп калган.   Мындай учурларда шайлочулар tizme.gov.kg сайтынан, 1255 же 119 кыска номерлерине чалуу аркылуу өз маалыматтарын жаңылап коюушу керек.   Андан… Кененирээк…

Кыргызстанда дагы 571 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 571 адам коронавирустан айыкты.   Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 264, Чүйдө 70, Ошто 144, Таласта 7, Нарында 5, Ысык-Көлдө 9, Жалал-Абадда 46, Баткенде 26 бейтап ооруканадан чыгарылды.   Ушуну менен өлкөдө жалпысынан 111 миң 269 адам коронавирусту жеңди.

Криштиану Роналду Инстаграмдагы бир пост үчүн 1 миллион 350 миң евро алат

Криштиану Роналду Инстаграмдагы бир пост үчүн 1 миллион 350 миң евро алат. Бул тууралуу BBC маалымдайт. Футболчунун аккаунтуна 308 миллион адам катталуу.   “Эң кымбат инстаграм” тизмесине ошондой эле “Барселонанын” форварды жана Аргентина курамасынын капитаны Лионель Месси дагы кирет. Ал бир публикация үчүн 930 миң… Кененирээк…

Кыргызстанда эркектер жана аялдар арасында популярдуу ысымдар аталды

Кыргызстанда эркектер жана аялдар арасында популярдуу ысымдар аталды. БШКнын маалыматына ылайык, Нурбек ысымын алып жүргөндөр өлкөдө эң көп – 7 миң 857. Экинчи орунда Азамат жана Айбек үчүнчү орунда.   Андан тышкары, көп кездешкен ысымдардын арасында Улан, Адилет, Нурлан, Руслан бар. Ал эми кыз-келиндер арасында… Кененирээк…

Кыргызстанга “Ден-соолук кербени” долбоорунун алкагында медициналык комплекстер тапшырылды

Кыргызстанга “Ден-соолук кербени” долбоорунун алкагында медициналык комплекстер тапшырылды.   Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, техника заманбап жабдуулар менен камсыздалган.   Комплекстер Жалал-Абаддын облустук клиникалык ооруканасына жана Улуттук госпиталга берилди. Кийин алар өлкөнүн түштүк жана түндүк аймагын камтыйт. Белгилеп кетсек, долбоор Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду… Кененирээк…

TikTok 13 жашка чейинки балдарга таандык 7 миллион аккаунтту өчүрдү

TikTok 13 жашка чейинки балдарга таандык 7 миллион аккаунтту өчүрдү.   Маалыматка ылайык, өспүрүмдөр арасында популярдуу болуп жаткан тиркеме  13 жашка чейинки балдарга аккаунттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.   TikTok’тун маалыматы боюнча, биринчи кварталда ар кандай мыйзам бузуулар үчүн жалпысынан 11 миллион 200 миңге жакын аккаунт… Кененирээк…

Оштун базарларында эмдөө түйүндөрү ачылат

Оштун базарларында эмдөө түйүндөрү ачылат.   Бул тууралуу түштүк калаанын вице-мэри Эмиль Шадыханов билдирди. Анын айтымында, жакынкы арада Ош шаарына вакцинанын 110 миң дозасы жеткирилет.   Андыктан, массалык эмдөөнүн дагы бир этабы жүрөт. Буга байланыштуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, көчмө топтордун ишин күчөтүү, базар… Кененирээк…

Кыргызстанга вакцина алган же ПЦР тест тапшырган чет элдиктер гана киргизилет

Кыргызстанга вакцина алган же ПЦР тест тапшырган чет элдиктер гана киргизилет.   Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, өлкө аймагына кирген жарандар акыркы 72 саат аралыгында жасалган ПЦР тесттин жыйынтыгын же вакцина алгандыгын тастыктаган сертификат көрсөтүшү керек.   Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 20 мамлекеттин сертификаттары таанылат, тизме… Кененирээк…

Медицина кызматкерлеринин айлыгы 1-июлдан тарта көбөйтүлдү

Медицина кызматкерлеринин айлыгы 1-июлдан тарта көбөйтүлдү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришкендей, үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлеринен башкасынын бардыгынын маянасы 40-50 пайызга жогорулады.   Айдын аягында алар көбөйтүлгөн базалык оклад менен айлык алып баштайт.   Эске салсак, буга чейин бардык үй-бүлөлүк жана жалпы практикалык дарыгерлердин айлыктарын 100… Кененирээк…

Алматыдан Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылууда

Алматыдан Ысык-Көлгө түз аба каттамы ачылууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорттун басма-сөз кызматынан билдиришти. Казакстан шаарынан алгачкы учак Тамчы аба майданына бүгүн келип конот.   Алматы-Тамчы-Алматы багыты боюнча каттам жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылат. Учуу убактысы 40 мүнөт.