TikTok 13 жашка чейинки балдарга таандык 7 миллион аккаунтту өчүрдү

TikTok 13 жашка чейинки балдарга таандык 7 миллион аккаунтту өчүрдү.

 

Маалыматка ылайык, өспүрүмдөр арасында популярдуу болуп жаткан тиркеме  13 жашка чейинки балдарга аккаунттарды түзүүгө мүмкүнчүлүк бербейт.

 

TikTok’тун маалыматы боюнча, биринчи кварталда ар кандай мыйзам бузуулар үчүн жалпысынан 11 миллион 200 миңге жакын аккаунт өчүрүлгөн. Бул социалдык тармактын жалпы катталуучулардын 1 пайызына да жетпейт.