Кыргызстанга “Ден-соолук кербени” долбоорунун алкагында медициналык комплекстер тапшырылды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, техника заманбап жабдуулар менен камсыздалган.
Комплекстер Жалал-Абаддын облустук клиникалык ооруканасына жана Улуттук госпиталга берилди. Кийин алар өлкөнүн түштүк жана түндүк аймагын камтыйт. Белгилеп кетсек, долбоор Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды.