Медицина кызматкерлеринин айлыгы 1-июлдан тарта көбөйтүлдү

Медицина кызматкерлеринин айлыгы 1-июлдан тарта көбөйтүлдү. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришкендей, үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлеринен башкасынын бардыгынын маянасы 40-50 пайызга жогорулады.

 

Айдын аягында алар көбөйтүлгөн базалык оклад менен айлык алып баштайт.

 

Эске салсак, буга чейин бардык үй-бүлөлүк жана жалпы практикалык дарыгерлердин айлыктарын 100 пайызга көтөрүшкөн: 5 миң сомдон 10 миңге. Бирок индикатор үчүн кошумча акы алынган, жыйынтыгында дарыгерлер тескерисинче аз айлык алып калышкан.