Кыргызстанда эркектер жана аялдар арасында популярдуу ысымдар аталды

Кыргызстанда эркектер жана аялдар арасында популярдуу ысымдар аталды. БШКнын маалыматына ылайык, Нурбек ысымын алып жүргөндөр өлкөдө эң көп – 7 миң 857. Экинчи орунда Азамат жана Айбек үчүнчү орунда.

 

Андан тышкары, көп кездешкен ысымдардын арасында Улан, Адилет, Нурлан, Руслан бар. Ал эми кыз-келиндер арасында Айнура аттуулар көп. Бул ысымды өлкөдө 9 миң 312 аял алып жүрөт.

 

Экинчи орунда Наргиза, үчүнчүдө Аида, андан кийин Динара, Асель, Татьяна жана башкалар турат. Статистика добуш берүүчүлөрдүн тизмесинен алынган.