Азербайжан Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 40 миң доза AstraZeneca вакцинасын бөлүүнү пландап жатат

Азербайжан Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде 40 миң доза AstraZeneca вакцинасын бөлүүнү пландап жатат.

 

Бул тууралуу биздин өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда эки тарап вакцинаны бардык талаптарга ылайык Кыргызстанга жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Белгилеп кетсек, учурда өлкө жарандары россиялык жана кытайлык вакциналар менен эмделүүдө.