Бишкектин Абдрахманов көчөсүндөгү гүл клумбалары жана инсталляциялар жарыктандырылды. Мэриянын маалыматына ылайык, “Бишкексветтин” кызматкерлери 300 метр электр линияларын өткөрүп, 28 түстүү жарык диоддук лампаларды орнотту.
Ордо калаа көчөлөрүн жарыктандыруу иштери уланууда, — дешти муниципалитеттен.