Ош шаарына жаңы мэр дайындалды

Ош шаарына жаңы мэр дайындалды. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон буйрукка ылайык, түштүк калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп Алмаз Мамбетов бекитилди. Ал буга чейин 2020-жылдын ноябрь айынан бери президенттин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. Белгилеп кетсек, мыйзам боюнча, Ош шаарынын мэрин… Кененирээк…

Кырызстандык балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында жарым финалга чыкты

Кырызстандык балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында жарым финалга чыкты. Ал грек-рим күрөшү боюнча чейрек финалда азербайжандык Рафиг Гусейиновду утуп алды. Махмудов 77 килограмм салмак категориясында кармашып, атаандашын 9:1 эсебинде жеңди. Биздин балбан эми Олимпиаданын жарым финалында армениялык Карапет Чалян менен кармашат. Кошумчаласак, Токиодо Олимпиада оюндары… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар көбөйүүдө

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар көбөйүүдө. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, акыркы суткада 21 миң 667 адам эмдөөдөн өттү. 1 миң 301и экинчи дозаны алды. Ушуну менен өлкө боюнча COVIDге каршы вакцинаны 550 миң жаран алды. Белгилеп кетсек, учурда өлкө боюнча россиялык Спутник-V, кытайлык Синофарм, британиялык… Кененирээк…

Бекдөөлөт Расулбеков Токиодогу Олимп оюндарында 6-орунга илинди

Кыргызстандын оор атлетика боюнча олимпиадалык курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Токиодогу Олимп оюндарында 6-орунга илинди. Бекдөөлөт Расулбеков 31-июлда 96 кг салмак категориясында күчүн сынады. Ал алгач 162 килограммды жулкуп көтөргөн. Экинчи ирет көтөргөндө 166 килограмм штангага алы жетип, 8-орунга илинген. Ал эми штанганы түртүп көтөрүүдө… Кененирээк…

Түркиянын алты провинциясында чыккан өрттөн каза тапкандар бар

Апта башында башталган өрт Түркиянын алты провинциясындагы токойлорду каптап, кеминде алты кишинин өмүрүн алып, 410 адам жабыркады. Ишембиде жабыр тарткандар баш калкалап жаткан кризистик борборго барган түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган өрткө тиешеси бар деп шектелген бир киши Мугла провинциясында кармалганын, «эгерде бул иш диверсия… Кененирээк…

Мээрим Жуманазарова чейрек финалда нигериялык балбанга утулуп калды

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Олимпиада-2020 мелдешинин чейрек финалында нигериялык Блессинг Оборудудага утулуп калды. Эсеп 3:2 менен аяктады. Биринчи бөлүктө 1:0 менен нигериялык кыздын пайдасына аяктаган эле. Мээрим баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алган.  

Ушул айдын аягында кыргызстандыктарды узак дем алыш күтөт

Ушул айдын аягында кыргызстандыктарды узак дем алыш күтөт. 31-август республтканын Эгемендүүлүк күнү. Бул дата календарда кызыл менен белгиленет жана ал шейшембиге туура келет. Кыргызстандыктардын ыңгайы үчүн 30-август, дүйшөмбү дагы дем алыш деп белгиленди. Бул күн үчүн биз буга чейин 10-майда иштегенбиз. Муну менен жарандар 4… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда сарымсак жыйноо сезону башталды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда сарымсак жыйноо сезону башталды. Турмуш басылмасы билдиргендей, түшүмдү талаадан сатып алуу 70 сомдон 140 сомго чейин бааланууда. Быйылкы түшүм орточо алынууда. Буга кургакчылык болуп, сугат суу тартыш болгону себеп. Былтыр дагы баа ушундай эле болчу, бирок чек аралар ачылгандан кийин арзандаган.… Кененирээк…

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарынын чейрек финалына чыкты

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарынын чейрек финалына чыкты. Ал баштапкы этапта 68 килограм салмак ченинде кармашып, болгариялык спортчуну 7:5 эсебинде утуп алды. Эми Мээрим кийинки этапта азербайжандык жана нигериялык балбандар менен таймашат. Кошумчаласак, бул 22 жаштагы Жуманазарованын алгачкы Олимпиадасы

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлдү

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлдү. “Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Месарош, Профсоюзный, Дыйкан көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө жана “Аламедин-1” кичирайонунда, “Арча-Бешик”, “Көлмө”, “Алтын-Ордо” конуштарынын айрым тилкелеринде электр энергиясы жок болот. Убактылуу өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу.