Түркиянын алты провинциясында чыккан өрттөн каза тапкандар бар

Апта башында башталган өрт Түркиянын алты провинциясындагы токойлорду каптап,

кеминде алты кишинин өмүрүн алып, 410 адам жабыркады.

Ишембиде жабыр тарткандар баш калкалап жаткан кризистик борборго барган түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган өрткө тиешеси бар деп шектелген бир киши Мугла провинциясында кармалганын, «эгерде бул иш диверсия болсо, күнөөлүүлөрдүү жазалоо — биздин милдетибиз» деп билдирди. Ал жабыр тарткандарга жардам бериш үчүн 50 миллион лира бөлүнгөнүн кошумчалады.

«Анадолу» маалымат агенттиги кабарлагандай, Түркиянын айыл жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли өрттүн 88 очогу көзөмөлгө алынып, дагы он очогунда тилсиз жоого каршы күрөш уланып жатканын маалымдады.

Ишембиде популярдуу эс алуу жайлары — Мармарис менен Бодрумда ар кандай тобокелчиликти алдын-алуу максатында үч мейманканадагы тургундар башка жактарга убактылуу көчүрүлгөн.

Түркиялык өрт өчүргүчтөргө Орусия, Украина, Азербайжан, Ирандан барган атайын топтор жардам берип жатышат.