Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар көбөйүүдө.
Республикалык штабдын маалыматына ылайык, акыркы суткада
21 миң 667 адам эмдөөдөн өттү. 1 миң 301и экинчи дозаны алды.
Ушуну менен өлкө боюнча COVIDге каршы вакцинаны 550 миң жаран алды.
Белгилеп кетсек, учурда өлкө боюнча россиялык Спутник-V, кытайлык Синофарм,
британиялык АстраЗенека жана казакстандык КазВак вакциналары жеткиликтүү.