Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлдү.
“Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин
Месарош, Профсоюзный, Дыйкан көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө жана
“Аламедин-1” кичирайонунда, “Арча-Бешик”, “Көлмө”, “Алтын-Ордо”
конуштарынын айрым тилкелеринде электр энергиясы жок болот.
Убактылуу өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу.