Ош шаарына жаңы мэр дайындалды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон буйрукка ылайык,
түштүк калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп Алмаз Мамбетов бекитилди.
Ал буга чейин 2020-жылдын ноябрь айынан бери президенттин жана өкмөтүнүн
иш башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. Белгилеп кетсек, мыйзам боюнча,
Ош шаарынын мэрин 11-июлдагы шайлоодон өтүп келген шаардык кеңештин депутаттары
шайлайт. Ага чейин өкмөт шаар жетекчисинин милдетин аткаруучуну дайындай алат.