Кыргызстанда ковиддин жаңы учурлары азаюда

Кыргызстанда ковиддин жаңы учурлары азаюда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, акыркы суткаларда ковид

жуктуруп алгандар 500гө жетпей калды. Анын ортосунда өлкө боюнча

массалык эмдөө жүрүүдө. Алсак, акыркы суткада дээрлик 25 миң адам вакцина алды.

Муну менен өлкө боюнча 188 миң 700 адам эмдөөнүн курсунан толук өттү. 547,5 миңи

биринчи дозаны алды. Эмдөө түйүндөрүндө Синофарм, АстраЗенека жана Спутник-В

препараттары жеткиликтүү. Өлкө боюнча вакцинанын 2 миллиондон ашык запасы бар.