Бишкекте мектеп жана бала бакчалар күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдалууда.
Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, учурда иштер №35, 11, 51
мектептерде жана №181 бала бакчада жүрүп жатат. Ал эми №3, 34, 26, 71 мектептерде жана
№28, 100 бала бакчаларда жумуштар толук аяктады. Объектилерде
жылуулук тармактары жана канализация системасы капиталдык оңдоодон өттү.