Темир Сариев 30-сентябрга чейин камакта калды
Бүгүн, 25-августта Бишкек шаардык сотунда мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү каралды. Соттун чечими менен Сариев 30-сентябрга чейин УКМКнын абагында камакта калтырылды. Саясатчы Кумтөр кениндеги коррупцияга катыштыгы бар деген шек менен кармалган.