Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык,
жер титирөө 25-августта, саат 05:11де Жалал-Абад облусунун
аймагында катталып, очогунда күчү 2,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл, Кош-Булак
айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн
жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.