«Талибан» кыймылы 31-августтан кийин Афганистандан адамдарды эвакуациялоого тыюу салат

«Талибан» кыймылы 31-августтан кийин Афганистандан адамдарды эвакуациялоого тыюу салат.

Бул тууралуу талибдердин өкүлү Забихулла Муджахиддин айтымына таянып РИА Новости билдирди.

Ал белгилегендей, аталган мөөнөткө чейин АКШ Афганистандан чыгып кетиши керек. Буга чейин

АКШ президенти Жо Байден жарандарын толук чыгарып кетмейинче аскерлер Кабулду таштап

кетпей турганын белгилеген. Ал арада Пентагон мурдагыдай эле аскерлерди 31-августка чейин

чыгарып кетүү ниетинде. Коргоо министрлигинин өкүлү Жон Кирби билдиргендей,

Вашингтон кетүүнү каалаган, өмүрүнө коркунуч бар бардык

АКШ жарандарын жана афганистандыктарды чыгарып кетет.