Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион 25-сентябрга чейин жабык болот.
Sport АКИpress тактаган маалымат боюнча, чуркаганды сүйүүчүлөр үчүн киргизилген
чектөөлөр сентябрда футбол боюнча эл аралык 3 оюн өткөнүнө байланыштуу.
Андан тышкары, кийинки айда стадиондо жеңил атлетика боюнча дагы мелдештер өтөт.