Токиодо Паралимпиада оюндары старт алды.
Ага Кыргызстандын курама командасы дагы катышууда.
Биздин өлкөнүн атынан ядро ыргытуу боюнча Арстанбек Базаркулов жана
дзюдо боюнча Хайитхон Хусан кызы катышат. Мелдештер 5-сентябрга чейин өтөт.
Быйылкы паралимпиада оюндарына 60 өлкөдөн 4 миң 400 атлет катышат.
Белгилеп кетсек, паралимпиада оюндары ден-соолугунун
мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн уюштурулат.