Бишкектеги мектептерде класстар тайпаларга бөлүнбөстөн, сабактар салттуу режимде өтөт

Бишкектеги мектептерде класстар тайпаларга бөлүнбөстөн, сабактар салттуу режимде өтөт. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, сабактардын мөөнөтү дагы кыскартылбайт, мурдагыдай эле стандарттуу болот. Мозгачева белгилегендей, былтыр айрым гана класстар мектепте окугандыктан тайпаларга бөлүнгөн. Быйыл мындай кылуу мүмкүн эмес, алсак, 75 миңге чакталган мектептерде… Кененирээк…

Англия бийлиги бир жолку колдонула турган желим буюмдардан баш тартуу ниетинде

Англия бийлиги бир жолку колдонула турган желим буюмдардан баш тартуу ниетинде. Мындай чара желим идиштерди азайтууга жана океандардагы пластикалык калдыктардын санын кыскартууга багытталат. Статистикалык маалыматтарга караганда, Англияда ар бир адам жылына бир ирет колдонулуучу 18 тарелка жана 37 ашкана приборлорун колдонот.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы бүгүнкү Палестина менен беттеште кызыл формада чыгат

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы бүгүнкү Палестина менен беттеште кызыл формада чыгат. Ал эми атаандаш команда ак кийимчен болот. Командалар «Үч улуттун кубогу» жолдоштук мелдешинин алкагында таймашат. Оюн бүгүн, 2-сентябрда, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо кечки саат 8,5 башталат. Эске салсак, бул жолдоштук турнир… Кененирээк…

Ош шаарында 3 көчө 7,5 миллион сомго оңдоп-түзөлөт

Ош шаарында 3 көчө 7,5 миллион сомго оңдоп-түзөлөт. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда Алиев, Достук жана Мажрумтал көчөлөрүнө асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Андан тышкары, жолдун эки тарабында лотоктор жана тротуар пайда болот. Оңдоло турган жолдордун жалпы узундугу 2 чакырымды түзөт, кеңдиги 5 метрге жетет. Иштер… Кененирээк…

Билим берүү салттуу негизде башталса мектептердеги алгоритм сакталышы керек

Билим берүү салттуу негизде башталса мектептердеги алгоритм сакталышы керек. Аны эч ким жокко чыгарган жок. 24 агенттигине ооруларды алдын алуу департаментинен билдиришкендей, окуучулар беткап тагынып, колдорун тез жууп, антисептик колдонушу керек. Ар бир сабактан кийин класстарды желдетип, полдорду, эшик кармагычтарын атайын аралашма менен жууп туруу… Кененирээк…

Сугат суу маселесин чечүү үчүн Чүйдү айланып өтүүчү канал курулат

Сугат суу маселесин чечүү үчүн Чүйдү айланып өтүүчү канал курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди. Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу 2021-жылы башталат. «Орто токой» суу сактагычынан чыккан суу Кеминден кийин 17 чакырымдан баштап жерге сиңип кетет. Жаңы каналдын ишке кириши менен суу… Кененирээк…

Кыргызстанда 273 автомектеп бар

Кыргызстанда баш-аягы 273 автомектеп бар. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров 2-сентябрда Бишкекте жол коопсуздугуна байланыштуу өтүп жаткан жыйында айтты. Алардын ичинен 65и мамлекеттик, калган 208и жеке менчик. Автомектептерге лицензияны Ички иштер министрлигинин (ИИМ) корутундусу менен Билим берүү жана илим… Кененирээк…

Рекорд артынан рекорд

Криштиану Роналду улуттук курама үчүн киргизген голдор боюнча рекордду жаңыртты. Кечээ дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Португалия курамасы Ирландияны 2:1 эсебинде утуп алды.   Эки гол тең Роналдуга таандык.   Муну менен форвард улуттук курама үчүн киргизген голдордун саны боюнча дүйнөлүк рекорд жаратты.  Ал Португалиянын… Кененирээк…

Кыргызстанда сегиз айда жол кырсыгынан 497 киши каза болду

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери (сегиз айдын ичинде) 4 637 автокырсык катталып, андан 497 адам каза болду. Арасында балдар да бар. Дагы 6900 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов 2-сентябрда билдирди:   «Өткөн… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эң кымбат шаарлар аталды

Дүйнөдөгү эң кымбат шаарлар аталды.   Эл аралык компаниянын иликтөөсү боюнча, рейтингдин сап башында Кытайдын Шанхай шаары турат. Экинчи орунда Токио калаасы жайгашса, үчилтикти Гонконг бекитет.   Мунун менен Чыгыштын шаарлары лидерлик позицияда жайгашат. Тизмеге ошондой эле Монако, Тайпей, Цюрих, Париж, Лондон жана Сингапур кирди.… Кененирээк…