Кыргызстандын футбол боюнча улуттук командасы бүгүнкү Палестина менен
беттеште кызыл формада чыгат. Ал эми атаандаш команда ак кийимчен болот.
Командалар «Үч улуттун кубогу» жолдоштук мелдешинин алкагында таймашат.
Оюн бүгүн, 2-сентябрда, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук
стадиондо кечки саат 8,5 башталат. Эске салсак, бул жолдоштук турнир улуттук
курама команданын Азия кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу
оюндарына карата даярдыгынын алкагында өтөт.