Рекорд артынан рекорд

Криштиану Роналду улуттук курама үчүн киргизген голдор боюнча рекордду жаңыртты. Кечээ дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Португалия курамасы Ирландияны 2:1 эсебинде утуп алды.

 

Эки гол тең Роналдуга таандык.

 

Муну менен форвард улуттук курама үчүн киргизген голдордун саны боюнча дүйнөлүк рекорд жаратты.  Ал Португалиянын курамында 180 оюн өткөрүп, 111 гол киргизүүгө жетишти. Рейтингде аргентиналык футболчу Лионель Месси 79 голу менен   9-орунда турат.