Жогорку Кеңешке талапкерлигин кое турган чиновниктерге бир катар талаптар коюлат

Жогорку Кеңешке талапкерлигин кое турган чиновниктерге бир катар талаптар коюлат. БШКнын маалыматына ылайык, президент, депутат жана мамлекеттик ишкананын жетекчисинен башка бардык мамлекеттик кызматкерлер талапкерлигин жылдырган учурдан тарта милдеттерин аткаруудан баш тартышы керек.   Министрлик жана ведомстволордун жетекчилерине бул талап түздөн түз тиешелүү.   Эгер ал… Кененирээк…

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт

Кыргызстанда аскер кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт. Коргоо министрлигинин Каржы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Асхат Оморов билдиргендей, аскер кызматкерлери сентябрь айынын соңунан тарта жогорулаган айлык ала башташат. Офицердик курамдын оклады 50 пайызга, сержанттардыкы 30 пайызга көтөрүлдү.   Алсак, буга чейин 7 миң 600 сом айлык алган взвод… Кененирээк…

Вирус көп катталган мектептер жана жогорку окуу жайлар убактылуу жабылат

Вирус көп катталган мектептер жана жогорку окуу жайлар убактылуу жабылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, эгер бир класста 2-3 бала ооруп кала турган болсо ошол класс жабылат. Ал эми эпидемиологиялык кырдаалга жараша ооругандар көбөйсө, мектепти же жогорку окуу жайын… Кененирээк…

Бишкекте айыл-чарба жарманкеси өтүүдө

Бишкекте айыл-чарба жарманкеси өтүүдө. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 28-сентябрга чейин жарманке Товарная, 1 дарегинде уюштурулуп жатат.   Андан шаар тургундары мөмө-жемиштерди, эт, сүт жана башка азыктарды өндүрүүчүлөрдөн түздөн-түз сатып алса болот.   Баасы базар баасынан төмөн болот, — дешет уюштуруучулар.

Саламаттыкты сактоо министрлиги пандемия кызып жаткан учурда ачылган стационарларды жабууда

Саламаттыкты сактоо министрлиги пандемия кызып жаткан учурда ачылган стационарларды жабууда. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, жалпысынан эпидемиологиялык абал курч болуп турган кезде 6,5 миң орунга стационарлар ачылган. Учурда айрым ооруканалардагы бөлүмдөр кадимки режимде иштөөгө өтүп жатат.   Ал эми инфекциялык… Кененирээк…

Азия Өнүктүрүү Банкы  Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында  80 миллион доллар бөлүп берет

Азия Өнүктүрүү Банкы  Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында  80 миллион доллар бөлүп берет. Тиешелүү насыялоо программасы жактырылды. Каржы мекемесинен билдиришкендей, каражаттын дээрлик 70 миллион доллары насыя катары берилсе, калганы кайтарымсыз негизде тапшырылат.   Программанын алкагында, соода жана инвестициялоо тармактарында атаандаштык жөндомдүүлүгүн арттырууга, чакан жана орто ишканаларды… Кененирээк…

Бишкектин парковкаларына автоматташкан система орнотулат

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору Бишкек мэриясы менен биргеликте заманбап унаа токтотуучу системаларды уюштуруу боюнча долбоорду  ишке киргизет.   Планга ылайык, азыркы муниципалдык парковкалар жана эс алуу бактарындагы, көчөлөрдөгү унаа токтотуучу жайлар автоматташкан системага өткөрүлөт. Долбоордун башкы максаты – бул процессте адамдын катышуусун жокко чыгарып, көчөлөрдү жөө… Кененирээк…

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилет

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда кыймылга чектөөлөр киргизилет. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык,  27-сентябрдан тарта 1-октябрга чейин трассанын Боом капчыгайына тиешелүү   131-чакырымында таштарды атайлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт.   Буга байланыштуу, эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин жол маал-маалы менен тосулат.… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү көбөйтүлөт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү көбөйтүлөт.   Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.   Белгилеп кетүүчү нерсе, көбөйтүлгөн сумма ар бир адамдын пенсиясынын көлөмүнө барабар болот. Базалык жана камсыздандыруу бөлүктүн индексациясынын жыйынтыгы менен пенсиянын орточо көлөмү 6 миң 248… Кененирээк…

Кыргызстанда ПЦР-тесттин жасалма жыйынтыгын мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Кыргызстанда ПЦР-тесттин жасалма жыйынтыгын мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.   Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Чүй облусунда мындай эки учур, Таласта бир факт катталды.   Шектелгендердин аты-жөнү дагы такталды. Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Талас облусунда жеке лабораториянын эки кызматкери маалымдама кагаздарын 2… Кененирээк…