Азия Өнүктүрүү Банкы  Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында  80 миллион доллар бөлүп берет

Азия Өнүктүрүү Банкы  Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында  80 миллион доллар бөлүп берет. Тиешелүү насыялоо программасы жактырылды. Каржы мекемесинен билдиришкендей, каражаттын дээрлик 70 миллион доллары насыя катары берилсе, калганы кайтарымсыз негизде тапшырылат.

 

Программанын алкагында, соода жана инвестициялоо тармактарында атаандаштык жөндомдүүлүгүн арттырууга, чакан жана орто ишканаларды колдоого, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу инфраструктураны жакшыртууга багытталат.