Бишкектин парковкаларына автоматташкан система орнотулат

Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору Бишкек мэриясы менен биргеликте заманбап унаа токтотуучу системаларды уюштуруу боюнча долбоорду  ишке киргизет.

 

Планга ылайык, азыркы муниципалдык парковкалар жана эс алуу бактарындагы, көчөлөрдөгү унаа токтотуучу жайлар автоматташкан системага өткөрүлөт. Долбоордун башкы максаты – бул процессте адамдын катышуусун жокко чыгарып, көчөлөрдү жөө жүрүүчүлөр жана унаалар үчүн максималдуу түрдө коопсуз кылуу.