Бишкекте айыл-чарба жарманкеси өтүүдө. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык, 28-сентябрга чейин жарманке Товарная, 1 дарегинде уюштурулуп жатат.
Андан шаар тургундары мөмө-жемиштерди, эт, сүт жана башка азыктарды өндүрүүчүлөрдөн түздөн-түз сатып алса болот.
Баасы базар баасынан төмөн болот, — дешет уюштуруучулар.