Жогорку Кеңешке талапкерлигин кое турган чиновниктерге бир катар талаптар коюлат

Жогорку Кеңешке талапкерлигин кое турган чиновниктерге бир катар талаптар коюлат. БШКнын маалыматына ылайык, президент, депутат жана мамлекеттик ишкананын жетекчисинен башка бардык мамлекеттик кызматкерлер талапкерлигин жылдырган учурдан тарта милдеттерин аткаруудан баш тартышы керек.

 

Министрлик жана ведомстволордун жетекчилерине бул талап түздөн түз тиешелүү.

 

Эгер ал аткарылбаса, талапкер каттоого алынбайт. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.