Кыргызстанда жыл аягында инфляция 12 пайызга жетет

Кыргызстанда жыл аягында инфляция 12 пайызга жетет. Мындай болжолдоону Улуттук банктын аналитиктери бергенин Тазабек басылмасы жарыялады. Ошондой эле өлкөнүн башкы каржы мекемесинин эксперттери болжолдошкондой, 2022-жылы инфляциянын орточо деңгээли 6,5 – 7 пайыз болору күтүлүүдө. Инфляциянын кескин өсүшүнө азык-түлүк товарларына дүйнө боюнча баалардын көтөрүлүшү жана дээрлик… Кененирээк…

Бүгүн, Баткен жана Ош облустарынын айрым аймактарында жарык убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн, Баткен жана Ош облустарынын айрым аймактарында жарык убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Ош электр» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. Пландаштырылган оңдоо иштерине байланыштуу төмөндөгү аймактарда саат 18:00гө чейин электр энергиясы убактылуу үзгүлтүккө учурайт: — Кызыл-Кыя шаарынын Ынтымак, Беш-Бурхан, Кулуштан айылдарында; — Ош шаарынын Орек, Тээке,… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 6 жыл курулган мектеп ачылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 6 жыл курулган мектеп ачылды. Райондук администрациядан билдиришкендей, Барпы айылында жайгашкан жаңы билим берүү мекемеси 420 орунга ылайык. Долбоорду ишке ашырууга 50 миллион сом багытталды. Каражат республикалык бюджеттен берилди. Эске салсак, аймактагы буга чейинки 320 орундуу мектепке окуучулар батпай калган.

Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында тарых жаратты

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында тарых жаратты. Акматалиев Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш байге уткан алгачкы балбан болуп калды. Биздин балбан Шри-Ланка, Армения,  Иран,  Россия атлеттерин жеңип финалга чыккан. Жыйынтыктоочу оюнда польшалык Магомедмурат Гаджиевге жеңилип… Кененирээк…

Министрлер кабинети дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды 6 айга экспорттоого тыюу салуу ниетинде

Министрлер кабинети дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды 6 айга экспорттоого тыюу салуу ниетинде. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгечилер белгилешкендей, долбоордун максаты — калктын ден соолугун коргоо, өлкөдөгү оор эпидемиологиялык кырдаалды болтурбоо үчүн дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыздоонун тартыштыгынын алдын алуу. Бирок коргоочу костюмдарды жана… Кененирээк…

Айпери Медет кызы дүйнө чемпиондугунун финалына чыга алган жок

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун финалына чыга алган жок. Ал 76 кг салмакта күч сынашууда. Медет кызынын биринчи атаандашы болгариялык Мария Оряшкова болду. Айпери аны 10:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга өттү. Жарым финалга чыгуу үчүн болгон күрөштө Медет кызы орусиялык… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймагында жарык өчүрүлөт. «Түндүк электрдин» маалыматына ылайык, бүгүн саат 9дан кечки 6га чейин Киров, Бейшеналиева, Зеленый, Кулиев, Пушкин, Рыскулов, Малышев, Кудрук, Тимирязев, Чокморов, Жибек Жолу, Лермонтов, Салиева, Пархоменко, Буденный көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө,  Арча-Бешик, Ак-Босого, Калыс-Ордо, Рухий-Мурас конуштарында электр энергиясы жок болот.

“Арча-Бешик 2” конушунда жаңы мектеп пайда болот

“Арча-Бешик 2” конушунда жаңы мектеп пайда болот. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, билим берүү мекемеси 500 орунга чакталат. Анда окуу корпусу, ашкана, спорттук жана акты залдары, компьютердик класс, кол эмгек кабинеттери, ошондой эле жабдуулары менен химия, физика, биология боюнча лабораториялык класстар болот. Курулуш иштерине… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча экинчи ирет дүйнө чемпиону аталды

Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча экинчи ирет дүйнө чемпиону аталды. Ал финалда америкалык спортчу Кайла Коллин Кийоко Миракл менен күрөшүп, 7:0 эсеби менен утуп алды. Тыныбекова турнирдин жарым чейрек финалынан тартып күрөшүп, япониялык, беларустук жана украиналык балбандарды жеңген. Эске салсак, буга чейин биздин балбан кыз… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго тогуз судья дайындады

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго тогуз судья дайындады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады. Билдирүүгө ылайык, Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан мамлекет башчыга тогуз талапкер сунушталып, ал баарын жактырган. Сокулук райондук сотуна — Болот Садыков; Ысык-Ата райондук сотуна — Болот Шабданбеков; Чүй райондук сотуна — Абдрасул уулу… Кененирээк…