Айпери Медет кызы дүйнө чемпиондугунун финалына чыга алган жок

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Норвегияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун финалына чыга алган жок.

Ал 76 кг салмакта күч сынашууда.

Медет кызынын биринчи атаандашы болгариялык Мария Оряшкова болду. Айпери аны 10:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга өттү.

Жарым финалга чыгуу үчүн болгон күрөштө Медет кызы орусиялык Марина Суровцева менен ишенимдүү күрөшүп, 10:0 эсебинде жеңди.

Жарым финалда ал эстониялык спортчу Эпп Мяэ менен кез келип, 3:3 эсебинде утулуп калды.

76 кг чейин

1/8 финал

Айпери Медет кызы — Мария Оряшкова (Болгария) — 10:0

1/4 финал

Айпери Медет кызы — Марина Суровцева (Россия) — 10:0

1/2 финал

Айпери Медет кызы — Эпп Мяэ (Эстония) — 3:3