Мамлекеттик жана аскердик жашыруун сырды бузгандыгы үчүн “Кадамжай – унаа жолу” өткөрүү түйүнүнүн начальниги кармалды

Мамлекеттик жана аскердик жашыруун сырды бузгандыгы үчүн “Кадамжай – унаа жолу” өткөрүү түйүнүнүн начальниги кармалды.   Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, бузуулар тергөөнүн алкагында ачыкталды.   Жыйынтыгында, майор ээлеген кызматынан бошотулду. Андан тышкары, ага карата башка кылмыш иштери боюнча тергөө жүрүп жатат.   Алсак,… Кененирээк…

Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында түнкүсүн -3 градуска жеткен суук болот

Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында түнкүсүн -3 градуска жеткен суук болот. Синоптиктер мындай маалыматты алдыңкы күндөргө карата берди. Бирок, 13-октябрдан тартып кайрадан жылуу күндөр кайтып келет. Күн чыгып, жаан-чачын токтойт. 15инен тартып өлкө аймагында жылуу жана жагымдуу аба-ырайы орнойт.

Быйыл электр энергиясынын тартыштыгынан улам Кара-Балта шаарындагы кышкы бассейн иштебейт

Быйыл электр энергиясынын тартыштыгынан улам Кара-Балта шаарындагы кышкы бассейн иштебейт. Турмуш басылмасы билдиргендей, капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин бассейн толук электр энергия менен жылытууга өткөн. Ал эми кышкы бассейн ишке кирсе белгиленген лимиттен 3 эсе көп энергия сарптайт. Бул үнөмдөө эрежесин бузууга алып келет. Ошондой эле, жарыкты… Кененирээк…

Нарын шаарынын жаңы мэри шайланат

Нарын шаарынын жаңы мэри шайланат. БШК добуш берүү күнүн – 22-октябрь деп белгиледи. Калаа башчыны Нарын шаардык кеңешинин депутаттары тандайт. Шайлоону мыйзамга ылайык, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүү тапшырмасы аймактык шайлоо комиссиясына берилди. Эске салсак, буга чейин экс-мэр Самарбек Болотбеков өз макулдугу менен… Кененирээк…

ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуз жарандардын саны 66 пайызга кыскарды

ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуз жарандардын саны 66 пайызга кыскарды. Евразия экономикалык комиссиясынан билдиришкендей, мындай жыйынтык быйыл августта ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түзүлдү. Бул эми жумушу жок жарандардын саны болгону 1 миллион 356 миңди түзөт же жумушка жарамдуулардын 1,5 пайызы… Кененирээк…

Бишкектеги «Мурас-Ордо» конушунда жабык дренаждык тармак пайда болот

Бишкектеги «Мурас-Ордо» конушунда жабык дренаждык тармак пайда болот. Бул —  дренаждык сууну чогултуу жана анын сыртына төгүү үчүн арналган жабык түтүкчө. Мэриядан билдиришкендей,  учурда курулуш иштери башталды, тармактардын узундугу 3,5 чакырымды түзөт жана ал  900гө жакын үйдү камтыйт. Планга ылайык, курулуш иштери кийинки жылдын аягына… Кененирээк…

БШК партияларга жана талапкерлерге мөөнөтүнөн мурда үгүттөө жүргүзбөө керектигин эскертет

БШК партияларга жана талапкерлерге мөөнөтүнөн мурда үгүттөө жүргүзбөө керектигин эскертет. Ошондой эле бир мандаттуу талапкерлер жарандарга акча, белек берүүдөн баш тартып, кайрымдуулук менен алектенүүгө тыюу салынат. Мунун бары добуштарды сатып алуу деп эсептелет. Эске салсак, шайлоого карата үгүттөө өнөктүгү 29-октябрда страт алып, 27-ноябрда эртең мененки… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш депутаттыгына бир мандаттуу талапкерлердин саны 108ге жетти

Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандар 6-октябрга карата 108 адамга жетти. Жаңы арыз бергендердин баары өзүн-өзү көрсөткөндөр. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтындагы маалыматка ылайык, 6-октябрда өзүн көрсөткөндөрдүн арасында парламенттин азыркы депутаттары да бар. Камчыбек Жолдошбаев №26 Ленин округунан (Бишкек), Дастан… Кененирээк…

Синоптиктер бишкектик айдоочуларга жол тайгак болуп, жаан аралаш кар жаап жатканын эскертишет

Синоптиктер бишкектик айдоочуларга жол тайгак болуп, жаан аралаш кар жаап жатканын эскертишет. Мындай аба-ырайынын шарттары бүгүн түштөн кийин турукташат. Күтүлгөндөй, кар бактарга жана линияларга жабышат, жолдордун айрым бөлүгүндө муз тоңот. Андан улам, айдоочуларга унааны жай айдап, өзгөчө этият болуу сунушталат.

Бишкекте жана Чүй облусунда көмүрдүн тоннасы 5 миң сомго чейин кымбаттады

Бишкекте жана Чүй облусунда көмүрдүн тоннасы 5 миң сомго чейин кымбаттады. Кара отунга болгон суроо-талап күчөп жатканын “Кыргыз көмүр” ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов айтып берди. Кара-Кече кенинде көмүрдүн бир тоннасы 1 миң 330 сомдон чыгарылат. Бишкекке жеткирүү 2 миң сом турат. Ал эми алып сатуучулар… Кененирээк…