Министрлер кабинети дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды 6 айга экспорттоого
тыюу салуу ниетинде. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгечилер белгилешкендей,
долбоордун максаты — калктын ден соолугун коргоо, өлкөдөгү оор эпидемиологиялык кырдаалды
болтурбоо үчүн дары-дармектер жана медициналык буюмдар менен камсыздоонун тартыштыгынын
алдын алуу. Бирок коргоочу костюмдарды жана медициналык халаттарды экспорттоого
чектөө коюлбайт. Өндүрүш өлкөнүн муктаждыгын камсыздай алат.