Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 10 сапка көтөрүлдү

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 10 сапка көтөрүлдү. Спортчу буга чейин 13-орунда болсо, эми 3-сапка жайгашты. Жаңыланган рейтинг Норвегияда өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Ослодогу турнирде кыргызстандык балбан 60 килограмм салмакта күч сынашып, финалга чейин жетип, күмүш медалга ээ болду Бул… Кененирээк…

Кыргызстанда Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен мектептерди куруу иштери уланууда

Кыргызстанда Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен мектептерди куруу иштери уланууда. Novosti.kgге мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, учурда республика боюнча 27 мектеп салынып жатат. Анын ичинен 5 мектеп толук бүтүп, пайдаланууга берилди. Билим берүү мекемелери 150дөн 225 окуучуга чейин чакталган жана алар Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында… Кененирээк…

Баткен районунун Ак-Сай айылында 9 үйдүн курулушу аяктап, ээлерине тапшырылды

Баткен районунун Ак-Сай айылында 9 үйдүн курулушу аяктап, ээлерине тапшырылды. Turmush басылмасы билдиргендей, эми жаңы үйлөргө көчүп келген тургундар үчүн суу, электр энергиясы жана башка маселелер чечилет. Эске салсак, быйыл апрелде тажик тараптын куралдуу кол салуусунда Баткен облусунда 140 үй талкаланган. Курулуш иштери жайында Лейлек… Кененирээк…

Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болууга Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылды

Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болууга Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылды. Мындай чечим Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде кабыл алынганын аталган комитеттен кабарлашты. «Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлүнүн кызмат ордуна Аида Касымалиеванын талапкерлиги жактырылсын», — деген чечим кабыл алынган. Эми документ… Кененирээк…

Балбан Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде 2 сапка төмөндөдү

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде 4-орунда. Жаңыланган рейтинг Норвегияда өткөн дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Махмудов Ослодо өткөн дүйнө биринчилигине катышкан жок жана турнирдин жыйынтыгы боюнча 2-орундан 4-орунга түштү.

Индияда 70 жаштагы аял көз жарды

Индияда 70 жаштагы аял көз жарды. «Loop News» басылмасы билдиргендей, ымыркай ЭКО жардамы менен жарык дүйнөгө келди жана ал карыянын алгачкы баласы. Мындай сейрек учурга дарыгерлер таң калышууда. 70 жаштагы Живунбен Рабари менен 75 жаштагы жолдошу Мальдхари 45 жыл мурда баш кошкон. 40 жылдан бери… Кененирээк…

Бишкекте коомдук унаалар үчүн өзүнчө тилке уюштуруу пландалууда

Бишкекте коомдук унаалар үчүн өзүнчө тилке уюштуруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. «Автобустун ылдамдык системасы» долбоорун ишке ашыруу үчүн Токомбаев, Жукеев-Пудовкин, Москва, Киев көчөлөрүндө жана Жибек Жолу проспектинин Батыш автобекетинен Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүнө өзүнчө тилке кошуу пландалууда. Белгилеп кетсек, ушундай эле… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Жеңижок атындагы билим берүү мекемеси 225 окуучуга ылайыкталды. Эки кабаттуу мектепте окуучулардын билим алышына бардык заманбап шарттар түзүлдү. Курулуш иштери Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланды.

Президенттик администрацияда төрт негизги башкармалык түзүлүп, жетекчилер дайындалды

Президенттик администрацияда төрт негизги башкармалык түзүлүп, жетекчилер дайындалды. president.kg сайтына жарыяланган маалыматка караганда, Чечимдерди даярдоо башкармалыгына Алтынбек Эргешов, Чечимдерди аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгына Кубатбек Кожоналиев, Укуктук камсыздоо башкармалыгына Мурат Укушев, Саясий жана экономикалык изилдөө башкармалыгына Алмаз Исанов дайындалды. Эске салсак, Министрлер кабинети кайрадан түзүлдү. Президент администрациясын… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлдү

Бишкектин айрым аймактарында жарык өчүрүлдү. “Түндүк электрден” билдиришкендей, бүгүн кечки саат 6га чейин Ак-Босого, Ак-Ордо, Көк-Жар конуштарында, ошондой эле Чоң-Арык айылындагы айрым тилкелерде электр энергиясы жок болот. Убактылуу чектөөлөр оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.