Быйыл өлкө аймагында январдан – сентябрга чейин 7 миңден ашык турак жай тургузулду.
Алардын 6 миң 188и – жеке менчик үйлөр болсо, 878и – көп кабаттуу. Бул тууралуу улуттук
статистика комитетинен билдиришти. Жеке турак жайлардын көбү же 1,5 миңден ашыгы
Ош облусунда салынды. Андан кийин эле Жалал-Абад жайгашат.
Аталган аймакта сентябрдын аягына карата 1 миң 283 үй курулду.