Планетанын эң бай адамы Илон Маск эки күндө эле 50 миллиард доллар жоготту

Планетанын эң бай адамы Илон Маск эки күндө эле 50 миллиард доллар жоготту. Бул ага таандык Тесла компаниясынын акциялары түшүп кеткени үчүн болду, — деп жазат Bloomberg.

 

Акциялар Илон Маск Твиттерден акцияларды сатып салсамбы деген суроосунан кийин арзандап кетти. Буга карабай, Маск дагы эле биринчи позицияда, анын байлыгы 323 миллиард долларга теңелет. Экинчи орунда “Амазон” компаниясынын негиздөөчүсү Джефф Безос 201 миллиард доллары менен турат.