Кыргызстанга 2022-жылы 5G технологиясын киргизүү пландалууда

Кыргызстанга 2022-жылы 5G технологиясын киргизүү пландалууда.

Бул тууралуу “Мамлекет жана IT” евразиялык форумда санариптик

өнүктүрүү министри Дастан Догоев билдирди. Анын айтымында,

технологияны жеке секторлор менен биргеликте жайылтуу каралууда.

Бирок алгач, технологияны киргизүү үчүн зарыл стандарттарды жана

ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу зарыл. Система өлкөгө алгач

пилоттук режимде киргизилет. Белгилеп кетсек, учурда Кыргызстанда

интернеттин 4G – төртүнчү муундагы уюлдук байланышы жеткиликтүү.