Түркмөнстанда мугалимдерге социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынды

Түркмөнстанда мугалимдерге социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынды.

 

“Азаттыктын” маалыматына ылайык, Түркмөн мамлекеттик маданият институтунун окутуучулары соцтармактарга, анын ичинде Инстаграм менен Фейсбукка кирбей турганы жөнүндө тилкат жазууда. Мындай тилкаттар башка жогорку окуу жайларда да чогултулууда.

 

Алар электрондук почтаны гана жумуш үчүн колдоно алат. Белгилеп кетсек, Түркмөнстанда акыркы күндөрү соцтармактарга көзөмөл күчөтүлүп, Интернетке катуу чектөө киргизилди.