“Түндүкэлектр” 28-ноябрда шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

“Түндүкэлектр” 28-ноябрда шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.   Бөлүштүрүүчү компаниядан novosti.kgге билдиришкендей, энергетиктер Бишкек жана  Талас, Чүй облустарындагы 150дөн ашык шайлоо тилкесин тейлейт. Район-шаарларда жалпысынан 120 мобилдүү топ кызматта болот.   Энергетиктер шайлоо тилкеси өз ишин… Кененирээк…

Кыргызстандын башкы магистралдары кыймылга ачык

Кыргызстандын башкы магистралдары кыймылга ачык. novosti.kgге Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, тоолуу райондордо кар жаап жатат, бирок жолдор кыймылга жабылган жок.   Ашууларда жолчулар нөөмөттө туруп,  трассаны кардан тазалап, инерттүү материалдар себилип жатат.   Ведомство эскертет: айдоочулар жанында тайгактыкка каршы шаймандарды ала жүрүп,… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө газ 4 күнгө газ өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө газ 4 күнгө газ өчүрүлөт. “Газпром Кыргызстан” компаниясынын маалыматына ылайык, 29-ноябрдан 2-декабрга чейин Фучик, Черепки көчөлөрүн, Жибек Жолу проспектин бириктирген бөлүктө көгүлтүр от жок болот.   Убактылуу чектөөлөр газ өткөрүү түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу.

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 11 миңге жакын адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда акыркы суткада коронавируска каршы 11 миңге жакын адам эмдөөдөн өттү. Республикалык штабдан билдиришкендей, анын ичинен 5 миң киши вакцинанын биринчи, 6 жарым миң жаран экинчи дозасын алды.   Белгилеп кетсек, учурга карата өлкө боюнча жалпысынан 1 миллион 93 миң адам вакцинанын биринчи компоненти, ал… Кененирээк…

“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди

“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга чектөөлөр киргизилди. Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чара катуу кар жааганга байланыштуу. Чектөөлөр аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин күчүндө болот.   Ал эми жеңил унаалар тоскоолдуксуз өткөрүлүүдө, болгону айдоочуларга жол эрежелерин сактоо сунушталат. Учурда тоолуу аймактарда… Кененирээк…

Эртең өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун участкадан тышкары добуш берүүсү өтөт

Эртең өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун участкадан тышкары добуш берүүсү өтөт. Боршайкомдон билдиришкендей, бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары шайлоого катышууга 13 миң 400дөй, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча 13 миңге жакын арыз келип түштү.   Конституциялык мыйзамга ылайык, үйүнөн добуш берүүгө шайлоочулардын… Кененирээк…

Бишкекте жана өлкөнүн борбордук бөлүгүндө түндө жаап баштаган кар түштөн кийин гана токтойт

Бишкекте жана өлкөнүн борбордук бөлүгүндө түндө жаап баштаган кар түштөн кийин гана токтойт. Синоптиктер кечинде жолдордо муз тоңо турганын эскертет.   Айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү аралыкты сактап, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүшү керек. Ал эми жөө жүрүүчүлөр бактардын, жеңил конструкциялардын жана чатырлардын алдынан өтпөшү керек.

Ордо калаа көчөлөрү түндөн бери кардан тазаланууда

Ордо калаа көчөлөрү түндөн бери кардан тазаланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, учурга карата 20 тонна техникалык туз себилди, бул иштер 133 көчөдө жүрүп жатат.   Жарандар кар тазалоо боюнча арыздарын 1840 жана 1850 кыска номерлерине чалып билдирсе болот.

Бишкектеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жерлерди трансформациялоо боюнча токтомго кол коюлду

Бишкектеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жерлерди трансформациялоо боюнча токтомго кол коюлду. Ага ылайык, Сокулук районунун Орок айылындагы муниципалдык менчикте турган 47 гектардан ашык жер калктуу конуш макамын алды.   Министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей,  шаар куруу документтерин иштеп чыгууга бюджеттен 5 миллион сом бөлүнөт.   Эске… Кененирээк…

Бишкекте көмүр саткан базалардын даректери

Бишкек мэриясы ордо калаадагы көмүр саткан базаларынын дарегин кайрадан жарыялап, ал жакта кандай көмүр бар экенин жана баасын жазды. Билдирмеге караганда, Биринчи май районунда кошумча отун базалары ачылган. Жалпысынан 12 жерде Кара-Кече көмүрү сатылууда. Бир кабынын баасы — 250 сом.   Алар: Щербаков көчөсү, 121;… Кененирээк…