Электр энергиясына карызы барларды мыйзамсыз эсептен чыгаргандар аныкталды

Электр энергиясына карызы барларды мыйзамсыз эсептен чыгаргандар аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. «Ош электр», «Жалал-Абад электр», «Чыгыш электр» жана «Түндүк электр» ишканаларына 2016-20-жылдар аралыгында дээрлик 900 миллион сомдук электр энергиясына болгон карыздар мыйзамсыз эсептен чыгарылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген. Алсак, аталган мекемелер тарабынан… Кененирээк…

Бишкекте жаңы жылдын алдында балаты базары ачылды

Бишкекте жаңы жылдын алдында балаты базары ачылды. Сатып алуучулардын тандоосунда Тянь-Шань, көгүш арчалары, крым карайы жана башкалар коюлду. Өлкөдө ташып келүү, казуу жана кошумча материалдардын баалары өскөнүнө байланыштуу балатылардын наркы дагы 1 миң сомго көтөрүлдү. Кыш сулуусунун баасы сортуна, бийиктигине жана көркөмдүүлүгүнө жараша болот. Базардын… Кененирээк…

Россиядан Ысык-Көлгө жаңы аба каттам ачылат

Россиядан Ысык-Көлгө жаңы аба каттам ачылат. Россиялык авиакомпания Екатеринбург – Тамчы аба жолдору боюнча жаңы рейсти 20-декабрдан тартып ишке ашырат. Учак дүйшөмбүдө Тамчыга келип, кайра эртеси кайтат. Учуу убактысы 3 саатты түзөт.

Кыргызстанда 40 миңден ашык жаран эң төмөнкү пенсия алат

Кыргызстанда 40 миңден ашык жаран эң төмөнкү пенсия алат. Бул тууралуу соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Анын айтымында, өлкөдөдөгү эң аз пенсия – 1,5 миң сомду түзөт жана ал эч жерде иштебеген жарандарга берилет. Ал эми эң жогорку пенсия 179 миң сом, учурда ал бир… Кененирээк…

Кыргызстанда иштетүүдөн өтпөгөн сүттүн баасы өсүүдө

  Кыргызстанда иштетүүдөн өтпөгөн сүттүн баасы өсүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2-декабрга карата республика боюнча сүттүн литринин орточо баасы 46 сом 60 тыйынды түздү. Ошол эле учурда 30-ноябрга карата баа 2 сомго төмөн болчу. Муну менен 3 күндүн ичинде сүттүн баасы 4 – 5… Кененирээк…

Бишкектеги эки округда кайра шайлоонун өтүү мөөнөтү 3/1ге кыскартылат

Бишкектеги эки округда кайра шайлоонун өтүү мөөнөтү 3/1ге кыскартылат. Алсак, добуш берүүнүн так датасы жарыялангандан кийин шайлоо өткөрүү процесси 60 күндө ишке ашат, — деп билдирди Novosti.kgге БШК мүчөсү Абдыжапар Бегматов. Анын айтымында, Свердлов жана Биринчи май округдарында кайра шайлоонун мөөнөтү добуш берүү өткөндөн 30… Кененирээк…

Кыргызстанда акысыз юридикалык жардам берүү боюнча 10 борбор ачылат

Кыргызстанда акысыз юридикалык жардам берүү боюнча 10 борбор ачылат. Бул тууралуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.   Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү декадасы башталды. Адистерден кеп-кеңешти чет өлкөлүк жарандар, качкындар, жарандыгы жоктор дагы ала алат. Иш-чарага… Кененирээк…

Бишкектин Ала-Тоо аянтында жаңы жыл түнү майрамдык салют атылбайт

Бишкектин Ала-Тоо аянтында жаңы жыл түнү майрамдык салют атылбайт. Мэриядан белгилешкендей, мындай чечим экологиялык себептерден кабыл алынды. Баш тартуудан улам пайдаланылбай калган 800 миң сом башка маанилүү максаттарга жумшалат.   Муниципалитет ордо калаадагы экология менен коопсуздукту сактоо максатында тургундарга петардаларды сатып албоо жана колго жасалган… Кененирээк…

Корумду-Балбай унаа жолу 2022-жылы курулат

Корумду-Балбай унаа жолу 2022-жылы курулат. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Ысык-Көлдүн күнгөйүндөгү Корумду-Балбай жолун салууга Кувейт фондунан 29 миллион доллар насыя алуу боюнча келишимди ратификациядан өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун колдоду.   Андан тышкары, куруу иштерине Ислам өнүктүрүү банкы, Мунай экспорттоочулардын эл аралык уюму,… Кененирээк…

Бир жумада Бишкекте мас абалында унаа башкарган 57 айдоочу кармалды

Бир жумада Бишкекте мас абалында унаа башкарган 57 айдоочу кармалды. Милициянын Кайгуул кызматынан билдиришкендей, 26-ноябрдан 2-декабрга чейин          6 миң 876 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды.   362 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулду. Эске салсак, мас абалында унаа айдагандар 17 миң 500 сом айыпка жыгылат… Кененирээк…