Эртең, 7-декабрда электр энергиясына карызы бар 5,5 миңден ашык керектөөчүнүн жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 7-декабрда электр энергиясына карызы бар 5,5 миңден ашык керектөөчүнүн жарыгы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, жалпы дебитордук карыз 12 миллион сомду түзөт.   Ыңгайсыздыкка кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсепти өз маалында төлөөгө чакырат. Карызды почта бөлүмдөрүндө, кезек күтпөстөн терминалдар, электрондук капчыктар… Кененирээк…

Пандемия учурунда 65 миңге жакын кыргызстандык ишкана Дүйнөлүк банктан каржылык жардам алышкан

Пандемия учурунда 65 миңге жакын кыргызстандык ишкана Дүйнөлүк банктан каржылык жардам алышкан. Бул тууралуу аталган уюмдун маалымат кызматынан билдиришти.   Каражат чакан жана орто ишканаларды калыбына келтирүүгө жумшалган.   Андан тышкары, Дүйнөлүк банк Социалдык фонд тарабынан 6 айга чейин тескөөчү пенсияларды жана башка социалдык камсыздандыруу… Кененирээк…

Борбор Азия боюнча эң ылдам интернет Кыргызстанда

Борбор Азия боюнча эң ылдам интернет Кыргызстанда. Бул тууралуу британиялык басылманын баяндамасында айтылды. Ылдамдыкты талдоо 12 ай аралыгында 224 өлкөдө жүргүзүлгөн. Анда Кыргызстан 155-орунду ээледи.   Андан кийин Өзбекстан жана Казакстан турат. Тажикстан 211-орунда жайгашат. Түркмөнстан дүйнөдөгү эң жай интернет байланышы бар өлкө болуп, рейтингдин… Кененирээк…

Бүгүн өлкөдө калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү декадасы башталды

Бүгүн өлкөдө калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү декадасы башталды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Юридикалык кеп-кеңештерди аймактык юстиция башкармалыктардын кызматкерлери, мамлекеттик нотариустардан алса болот. Иш-чаранын максаты калктын аярлуу тобунун укуктук корголуусунун деңгээлин жогорулатуу болуп саналат. Аталган декада 15-декабрга чейин уланат.

Жалал-Абад облусунун Орто-Азия айылында 6 жылдан бери бүтпөй турган бала-бакча ачылды

Жалал-Абад облусунун Орто-Азия айылында 6 жылдан бери бүтпөй турган бала-бакча ачылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 90 орундуу мекемеге облустук өнүктүрүү фонду каржылык колдоо көрсөткөн.   Бала бакчаны куруу иштерине 10 миллион 900 миң сом жумшалды. Мектепке чейинки билим берүү мекемесине учурда 60 бөбөк кабыл алынды.

Бишкектеги 8 билим берүү объектисинде авариялык оңдоо иштери жүргүзүлдү

Бишкектеги 8 билим берүү объектисинде авариялык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан №45,  №51 жана №2 мектептеринде, ошондой эле, №66, №87, №135, №5 бала бакчаларда жылуулук системасы оңдолду.   Дагы бир мектепке чейинки билим берүү мекемесинде чатыр жаңыртылды. Ал эми бир мектепте чатыр оңдоо… Кененирээк…

Бүгүн Москва районунун Садовое айылында кечкиге чейин электр энергиясы жок болот

Бүгүн Москва районунун Садовое айылында кечкиге чейин электр энергиясы жок болот. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, жарык кечки саат 5ке чейин Совет, Прогресс, Пролетарская, Колхозная, Крупская, Пионер, Гагарин, Октябрь, Чапаев, Комсомол, Шевченко көчөлөрүндө өчүрүлөт.   Убактылуу чектөөлөр оңдоо иштерине байланыштуу.

Тоң районунун Ак-Сай айылында жаңы бала бакча ачылды

Тоң районунун Ак-Сай айылында жаңы бала бакча ачылды. Ысык-Кол облусун өнүктүрүү фондунун маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 100 балага чакталган.   Объектти курууга 10 миллион сом бөлүнгөн. Имарат бардык зарыл техника, жабдуулар жана эмерек менен камсыздалып, бөбөктөргө тиешелүү шарттар түзүлдү.

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында соода-логистикалык борбор курулат

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында соода-логистикалык борбор курулат. Экономика министрлигинен билдиришкендей, долбоорду Дүйнөлүк банк 50 миллион долларга каржылайт.   Белгилүү болгондой, ишкананын жалпы аянты 3 миң чарчы метрди түзөт. Анда 3 миң тонна продукцияны, жашылча-жемиштерди кургатуу, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн 12 муздаткыч камера орнотулат.

Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыктарын кол менен эсептөө дээрлик аяктады

Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыктарын кол менен эсептөө дээрлик аяктады. Учурда протоколдордун 99,96 пайызы саналып бүттү. БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, беш пайыздык босогодон 6 партия өттү. «Ата-Журт Кыргызстан» — 15 мандат, «Ишеним» — 12 мандат, «Ынтымак» — 9 мандат, «Альянс» — 7 мандат, «Бүтүн Кыргызстан» — 6 мандат, «Ыйман нуру» — 5… Кененирээк…